Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри жана азыркы замандын эң белгилүү саясатчыларынын бири, доктор Махатхир Мохамаддын резиденциясында сылык сапары менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, бекем ден соолук каалады. Ошондой эле ал өлкө башчынын жетекчилиги алдында акыркы үч жылда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерге токтолду.

"Экс-премьер-министр Махатхир Мохамад мамлекеттик башкарууну чыңдоо, башкарууну жакшыртуу жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды кубаттады. Ошондой эле билим берүү тармагындагы реформаларды жакшыртуу, чет элдик инвестицияларды тартуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштары менен бөлүштү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын делегациясы Малайзияда жумуш сапары менен жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан