Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин актуалдаштыруу боюнча макулдашуунун долбоору каралды

Бүгүн, 15-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Дүйнөлүк банк менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Былтыр 14-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда Камбар-Ата -1 ГЭСинин долбоору үчүн техникалык жардам жана гранттык макулдашууга кол коюлган.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.

Мыйзам долбоору боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди. Анын айтымында, каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ишке ашыруунун максаты – 1860 МВт белгиленген кубаттуулугу болгон Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу болуп саналат.

"Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууну камсыздоого жана энергетика секторунун финансылык абалын бекемдөөгө жана аны туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга мүмкүндүк берет, бул сектордогу компаниялардын финансылык абалын жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Долбоордун жалпы суммасы-5 миллион доллар, анын ичинен: насыя – 3 миллион, грант – 2 миллион доллар. Насыянын мөөнөтү - 50 жыл, жеңилдетилген мөөнөт – 10 жыл, пайыздык чен – 0 пайыз", - деди Ибраев.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, долбоор электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан