Жээнбек Кулубаев Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Бирлиги менен Кыргызстан ортосундагы кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Ага ылайык, министр эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар өз ара кызыкчылыкты эске алган кызматташуунун бардык спектрин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Аймактык кызматташуу, экономиканы өнүктүрүү, КР-ЕБ транспорттук өз ара байланышы, демократиялык процесстер жана адам укуктары маселелерине кеңири токтолду.

"Министр Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында БУУнун климат боюнча конференциясында (СОР-28) үндүү кылынган «тоолор жана климат» демилгесинин алкагында биргелешип иштөөгө чакырды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан делегациясынын 2024-жылдын 29-30-январында Брюссель шаарында өтө турган Global Gateway Инвесторлор форумуна катышуу маселесин талкуулашты. Аталган форумдун алкагында транспорт тармагындагы келечектеги долбоорлор сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас аймактагы жана Кыргызстандагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Ал Европа Бирлиг менен Кыргызстан ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн салттуу түрдө жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтыкта, анын ичинде көп жылдык индикативдикпрограмма жана башка инструменттер аркылуу, Европа Бирлигдин экономикалык потенциалын активдүү пайдаланууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар гидроэнергетика, санариптештирүү, суу ресурстары жана "жашыл" экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан