Баткен шаарында 10-январдан 16-январга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы боюнча макулдашты.
"Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды макулдашуу боюнча ишти улантат", - деп айтылат маалыматта.