Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы президенттин №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

"Сунушталган өзгөртүүлөр менен мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүнү жана электрондук башкарууну ишке ашырууну эске алуу менен толуктоолор киргизилген. Өзгөчө кырдаалдар шарттарында өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо маселелери, анын ичинде, дары каражаттарынын жок жана дефицит болуу коркунучу эске алынып, улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдиктин актылары менен анын ичинде дары каражаттарын алып кирүү жана алып чыгуу боюнча шайкеш келтирүү маселелери эсепке алынды", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан