"Башка иш түшсө карайлап калат экенсиң". Эмил Жамгырчиев комитет жыйынында кылмыш иши тууралуу айтты

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына депутат Эмил Жамгырчиев келди.

Тармактык комитеттин жыйынында эл өкүлү айланасындагы жагдай боюнча айтып, кесиптештеринен соттун өкүмү чыкканча сындабай турууну суранды.

"Тергөө иштери аяктаганда сотко барат, ал жакта менин дагы маалыматтарым болот. Бардыгын угуп, соттун өкүмү чыкканда сын-пикир айтсак. Ата-энем, үй-бүлөм бар, аларды, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Башка иш түшсө карайлап калат экенсиң", - деди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган.

Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

Ал эми 12-январда депутаттын УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

Депутат Эмил Жамгырчиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан