Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Дайындалган министрдин орун басары Энергетика министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматында Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.