Парламент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Өмүралиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына көрсөтүлгөн Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлиги каралды.

Анда судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова маалымат берип, Судьялар кеңеши Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлигин сот иштери боюнча кеңештин курамына сунуштаганын айтты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлигин колдоду жана бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан