"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Кабыл алынган мыйзамда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдан райондук кеңештер жөнүндө ченемдерди алып салуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан