"Сүйлөшүүгө чакырат элем". Балбак Түлөбаев президентке кайрылды (видео)

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттер менен жолугуп сүйлөшүүгө чакырды.

Эл өкүлү бийлик ЖМК өкүлдөрү менен бир мунасага келбесе алдыда кыйынчылыктар жаралып калышы мүмкүн экенин айтты.

"Чет өлкөлөрдөгү коомчулук бизге кайрылуу жасап жатат. Вашингтон, Лондон, Парижде отурган бир эксперт ички саясатыбызды каяктан билет? Алар бияктан жиберилген маалыматтарды эле алып жатат. Ошон үчүн медиакоомчулук менен сүйлөшүңүз, мунасага келиңиз. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет.
Журналисттер өздөрү да ичиндеги кээ бир тентектерди тыйсын. Журналисттердин аксакалдары бар, алар дагы туура эмес жазган, бирөөнү негизсиз каралагандарды тартипке салышы керек. Бийлик журналисттер менен мунасага барбаса алдыда кыйынчылыктар туулуп калышы мүмкүн. Ошондуктан сизди акыйкатчы, сот, прокуратура жана ички иштер органдарын чогултуп, журналисттер менен сүйлөшүүгө чакырат элем", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал журналисттер да ич ара негизсиз каралоо материалдарды жасаган журналисттерден тазаланышы керектигин кошумчалады.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Лиз Тросселл Кыргызстанда дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бир нече көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү суракка алынган окуяларга тынчсызданып жаткандыгын билдирген.

16-январда таң атпай “Айт, айт десе” долбоорунун жана "Темиров лайв" медиасынын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкени маалым болгон. Кийинчерээк ИИМ аталган журналисттерге массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан.

Кечки саат 21:50 чамасында Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары дээрлик 14 саатка чукул сурак берүүдөн кийин 48 саатка камакка алынган. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы каралып, кармалган 11 журналисттин баарын эки айга камакта калтыруу чечими кабыл алынды.

Ал эми 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан. Оторобаева менен Ниязова 17-январда УКМКга дагы сурак берип чыкты.

Жогорку Кеңеш 18.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан