Арам өлгөн малдын эти сатылып жаткан фактылар аныкталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Эл өкүлү мамлекеттик органдарды бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
"Арам өлгөн малдын эти жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтүп, элдин саламаттыгына чоң коркунуч жаратат. Маселен жардан кулап өлгөн малдын этин айрым ынсабы жок адамдар сатышат экен. Аны көбүнчө колбаса жасоого алышат экен. Андай колбасаны эл билбей сатып алып жеп, анан ар кандай ооруга чалдыгууда", - деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал арам өлгөн малдын этин саткандарга жоопкерчиликти күчөтүү керектигин кошумчалады.