Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин жана Алексей Оверчук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 18-январында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусиянын Москва шаарына жумушчу сапары болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билидиришти.

Маалымдалгандай, визиттин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, кыргыз-орус өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча "синхрондук байкоо жүргүзүп", Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан