Тышкы иштер министри ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбеков Кулубаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тараптардын сүйлөшүүсү бүгүн ЕККУнун демилгеси менен өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты.

Алар өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан