Президенттик стипендиянын ээси Алтынай Нурдинова: "Кубануу сезимим көпкө чейин тараган жок"

2023-жылдын 23-декабрында өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын 75 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырылган. Анда окууда өзгөчөлөнгөн студенттерге 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилген.

SUPER.KG порталы аталган стипендияга ээ болгон студенттердин бири Алтынай Нурдинованы сыйлыгы менен куттуктап, ийгилиги тууралуу баарлашты.

- Алтынай, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

- Чоң рахмат! Аты-жөнүм Нурдинова Алтынай Максатбековна. 2001-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлүп өскөм. Ошол эле айылдын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебин бүтүрүп, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырдым. Учурда Коммуникация факультети, журналистика бөлүмүнүн 4-курсунда окуп жатам. Дал ушул кесипти тандап, бул тармакта көп пайдалуу нерселерди үйрөнүү менен өзүмдү өнүктүрүп жатканым кубаныч тартуулайт.

- Стипендияга ээ болуу үчүн кандай талаптардын негизинде тандалып алындыңыз?

- Алгач бизге стипендиянын талаптары көрсөтүлгөн документ жөнөтүлдү. Тизменин эң башында студенттин илимий иш-чара жана конференцияларга катышуусу, окуган илимий доклады, жасаган илимий анализдери болушу керек деген талап коюлуптур. Аны менен катар студенттин спорттук, маданий жана коомдук иш-чараларга активдүү катышуусу зарыл экен. Мен бул талаптарга жооп берген бардык документтеримди бердим жана журналистика бөлүмүнүн студенти катары "Манас" гезитинде, практикант катары "Эркин-Тоо"гезитинде иштеген кезимдеги жазган, жарыяланган макалаларымды да кошо тиркедим. Сабак учурунда жасаган илимий анализ, жазган макалаларымдын да жардамы тийди.

- Президенттин стипендиясына баары эле татый бербесе керек. Сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз.

- Чынын айтсам, эң биринчи укканымда башкача болдум. Дароо эле ата-энеме сүйүнчүлөдүм. Аябай кубангандыктанбы, айтор ачка болсом да эч нерсе тамагымдан өтпөй койду. Бир толкунданган, бир кубанган сезимдер көп күнгө чейин тараган жок...

Учурдан пайдаланып, мени багып өстүргөн ата-энеме, 11-жыл окуткан мектебимдеги агай-эжекелериме жана мени адистикке даярдаган университетимдеги окутуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Президенттик стипендия мен үчүн чоң мотивация болду. Дагы көптөгөн ийгилик, бийиктиктерди багындыра аларыма болгон ишеничим күчтөндү.

- Бул стипендияны алууну каалаган студенттерге кандай кеңеш бересиз?

- Эң биринчи кеңешим - талыкпай окуу. Окуу биздин жолубузду, аны менен бирге көзүбүздү ачат. Ал улам барган сайын эмнени каалаганыңды, максаттарыңа, кыялдарыңа кантип жетериңди көрсөткөн жол болуп берет. Ошондой эле аракетчил, активдүү жана эрктүү болушубуз керек. Анткени аракетчилдик менен активдүүлүк биздин ар тараптан өнүгүүбүзгө өбөлгө түзсө, эрк - бизди ийгиликке сүйрөгөн чоң күч. Бир нерсени баштарда аны эртеңкиге калтырбастан, эрктүүлүк менен дал ошол күн, дал ошол мүнөттө жасаганыбыздын жыйынтыгы өзүң каалагандай, мыкты жана майнаптуу болот.

- Мындан тышкары дагы кандай жетишкендиктерге ээ болдуңуз?

- Чынында мурда жараткан ийгиликтеримдин жыйындысы ушул сыйлык болду. Мурун кыргыз тили боюнча олимпиадалардан орун алып, ошондой эле макалаларымды жарыялап, ар кандай клуб, фонддордон, конференциялардан, иш-чаралардан алган орун, диплом, сертификаттарым бар болчу. Булар президенттик стипендиянын талаптарында да орун алгандыктан, аны чоң жетишкендигимдин биринчи кадамы катары санадым. Айтылган тилектердин ичинен да "Ийгилигиңдин башаты болсун!" деген каалоо-тилек көп келди.

- Алган стипендияңызды эмнеге жумшадыңыз?

- Алган стипендияма эң биринчи ата-энеме, иниме, сиңдилериме белектерди алдым. Анткени мындай чоң сыйлыкка татыганымдын эң башкы себепкерлери - ата-энем. Алар менин ар бир кадамыма колдоо көрсөткөн эң кымбат адамдарым. Ата-энем жана бир туугандарым кандай учур болбосун кеп-кеңештерин берип, ар дайым мени колдошот. Ийгиликтериме менден өтүп сүйүнгөн жакындарыма кийин эстегенде бактылуу элестер унутулбай калышы үчүн белектерди алдым. Андан тышкары бир бөлүгүн катышууну каалаган курстарыма жумшайын деген оюм бар.

- Өлкөбүздүн учурдагы билим берүү абалына көз карашыңыз кандай?

- Өлкөдөгү билим берүү тармагы жыл сайын өнүгүп бара жатат деген ойдомун. Буга окуган университетимди мисал кылып көрсөтө алам. Билим алуу үчүн бизге бардык шарттар түзүлгөн жана студенттерден жакшы окуу гана талап кылынат. Ошондой эле мектепте болобу, университетте болобу, алдыга, өнүгүүгө, өсүүгө умтулган, китеп окууга кызыккан, чоң-чоң максаттары бар, терең көз-караштагы демилгелүү жаштарды көп кезиктирем. Технологиянын жарык ылдамдыгындай тез өнүгүп бара жатканынын таасири, заманыбыздын жаңыланышы менен дагы да билим берүүбүздө жаңы шарттар түзүлүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылат деген ишеничтемин.

- Келечекке койгон максаттарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

- Алдыда окуумду улантайын деген максатым бар. Башка өлкөлөрдүн окутуу методдоруна кызыгам. Ал жерлерге барып билим алып, тажрыйба алмашып келүүнү каалайм. Андайда дүйнөгө болгон көз-карашың да өзгөрүп, ар тараптуу өсөсүң деп ойлойм. Кайрадан Кыргызстанга мыкты адис катары кайтып келип, жакшы иштерди алып баруу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошоюн деген тилегим бар.

- Маегиңизге чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан