"Ош" эл аралык аэропортунда авиакаттамдар кайрадан калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.
Буга чейин бүгүн саат 10:00дөн тарта коюу тумандан улам бардык аба каттамдары токтотулганы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 30-33 метрден алыс жер көрүнбөй калганы айтылган.
Маалымдалгандай, саат 12:00дө жүргүнчүлөргө ысык тамак берилген. Учурда учуу көрүнүшү жакшырып, бардык каттамдар жандандырылганы айтылат.