Садыр Жапаров Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар туура эле алынганын айтты

Кыргызстандыктар тышкы карыздан улам эч кандай чочулабай деле койсо болот. Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Жапаров өз сөзүндө Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынганын белгиледи.

"Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок.

Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз "эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!" деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот.

Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда "эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот" деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Экинчиден, азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актаарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз.

Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин "Токтогул" ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан