“Социалдык фонддун 2024-2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты мыйзамдарга ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.

Ага ылайык, мыйзамда Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 миллион 982 миң 454,9 сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105 миллион 323 миң 406,5 сом суммасында бекитилери каралган.

"Мында Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 миллион 659 миң 048,4 сом суммасында белгиленүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан