Кубанычбек Жаниев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Медер Машиев аркалап келген.