Тармактык комитет "Керемет банктын" акцияларын өкмөткө сатуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Керемет банктын” 97,45 пайыз акциясын Министрлер кабинетине сатуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат берди. Долбоордо Министрлер кабинети "Керемет Банк" ААКнын Улуттук банкка таандык 7 миллиард 126 миллион 432 миң сом өлчөмүндөгү ("Керемет банктын" 100 пайыз таза капиталынын 97,45 пайызы) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев "Керемет банкка" эмнеге ачык сынак жарыяланбай, өкмөткө сатылып жатканын сурады. Эл өкүлү мамлекеттин колунда учурда төрт банк бар экенин айтып, "бешинчини кошуп алууга канчалык муктаждык бар?" деп суроо салды.

"Эки жылда бул банктын активин жакшырттык. Аны өкмөткө өткөрүп берүүнү туура көрдүк. Министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар, анын баары "Керемет банк" өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн", - деди Бөкөнтаев.

Депутат Айсаракан Абдибаева 7 миллиард сом тууралуу сөз кылып, "Бул активби же накталай акчабы?" деп суроо салды. Улуттук банктын төрагасы аталган сумма "Керемет банктын" активдери экенин билдирди.

Ал эми депутат Камила Талиева 2023-жылда "Керемет банк" канча киреше тапканынан сурады. Улуттук банктын маалыматы боюнча өткөн жылы банктын таза кирешеси 1 миллиард сомду түзгөн.

"Керемет банкты" өкмөткө сатуу боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралат.

Ушул тапта банктын уставдык капиталы 8 миллиард 698 миллион 746 миң сом. Анын 97,45 пайыз акциясы Улуттук банкка, 0,74 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке, 1,81 пайызы жеке адамдарга таандык. Улуттук банк “Керемет банктын” 97,45 пайыз акциясына 2018-жылдан бери ээлик кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан