“ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында Кыргызстандын Улуттук күнү белгиленди

Катар мамлекетинин Доха шаарында “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында “Жашыл чөл – жакшы чөйрө” ураан алдында Улуттук күндүн расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, ал эми Катар мамлекетинен “ЭКСПО- 2023 Доха” жарманкесинин Башкы комиссары Бадер Аль Дафа мырза катышты.

Ага ылайык, министр өз сөзүндө туруктуу өнүгүү үчүн жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу биздин милдетибиз экенин белгилеп, Кыргызстан уникалдуу табигый кооздугу жана бай биологиялык ар түрдүүлүгү бар өлкө катары экологиялык жактан туруктуу коом түзүүгө умтулуп, жаратылышты урматтоого жана экологиялык аң-сезимдүү коомду түзүүгө шыктандырган искусство жана маданий демилгелерди колдоорун билдирди.

ЭКСПО- 2023 Доха” жарманкесине катышуу үчун келгендерге ыраазычылыгын билдирип, “ЭКСПО - бул биз үчүн маданиятыбыз менен бөлүшүү, башка өлкөлөрдүн маданий салттары жөнүндө көбүрөөк билүү жана жаңы байланыштарды түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Биз биргеликте гармониялуу дүйнөлүк коомчулукту түзүү үчүн ачык диалогго жана тажрыйба алмашууга даярбыз”, - деп белгиледи министр өз сөзүндө.

Ачылыштын алкагында Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли чакан маданий программа тартуулады.

Андан соң тараптар биргеликте Катардын жана Кыргызстандын павильондору менен таанышты. Кыргызстандын павильонунда кыргыз боз үйү, шырдагы, комузу, тери, темир буюмдары, зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы анын ичинде кургатылган жер-жемиштери, дандын түрлөрү, балы, куруту, шербети, кыямдары сунушталды.

Эске салсак, “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкеси 2023-жылдын ноябрь айында башталган, 2024-жылдын март айына чейин созулат.

Каалоочулар март айынын аягына чейин Кыргызстандын айыл чарба продукциялары менен тааныша алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан