Кытайда дагы жергиликтүү эл жер титирөөдөн көчөгө чуркап чыкты 

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном облусундагы жер титирөөдөн 47 үй кыйрап, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Кытайдын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн очогу 7,1 баллга жеткен.

"Кытайдын сейсмологиялык агенттиги эртең мененки саат 8:20га карата 43 жолу кайталанган силкинүү (афтершок) болгонун кабарлады. Округ боюнча жер силкинүүдөн 47 үй толугу менен кыйраса, 78 там жарым-жартылай бузулган. Тургундар үй-жайларын таштап, көчөлөргө чуркап чыкты. Эки адам оор, төрт киши жеңил жаракат алган", - деп жазылат маалыматтарда.

Белгилей кетсек, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жердин силкинүүсүнөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан