Кыргызстан-Кытай чек арасындагы жер титирөө: Алматыда жабыркагандардын саны 44кө жетти

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында түндө Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында катталган жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

"23-январга караган түнү саат 1:00дөн баштап Алматыда башы көгөрүп, буту-колунун чоюлуп калышы сыяктуу жеңил жана орто даражадагы ар кандай жаракаттар менен 44 адам медициналык жардамга кайрылышкан. Алар шаардык ооруканаларга жеткирилди. Алардын 34ү чоңдор, 3өө ооруканага жаткырылган, 31 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 10 балага медициналык жардам көрсөтүлүп, 5 бала ооруканага жаткырылды, 5 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жердин силкинүүсүнөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан