Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Ага ылайык, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөтүлөт. Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчёт берүүнү жана финансылык операцияларын жашырбоону талап кылууда.
Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Демилгечилер алгач жазаны 5 жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.