Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза кодекси менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 7-декабрда кабыл алган. Ага ылайык, мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган.
Мыйзамдын милдети - алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
- Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.
- Мындан сырткары жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алып салынды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.