Кечээ, 23-январь күнү Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу коллегиясынын отуруму өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2023-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары катары чет мамлекеттер менен саясий диалогду илгери адымдаган өнүктүрүүнү, экономикалык дипломатияны активдештирүү жана кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди белгиледи.
Ошондой эле ал Акылбек Жапаровду 2024-жылга карата тышкы саясий пландары менен тааныштырган.
"Өз кезегинде Акылбек Жапаров тышкы саясий ведомствонун 2023-жылдагы ишине оң баа берип жана быйылкы жылда экономикалык дипломатия тармагындагы иш-чараларды активдештирүүнү тапшырды. Инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулуп, биринчи кезекте стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорго, ата мекендик продукцияны экспорттоого, чет элдик туристтик агымдарды кеңейтүүгө жана тышкы транспорттук каттамдарды түзүүгө тапшырмалар берилди", - деп жазылат анда.