Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтомго кол койгонун бүгүн, 24-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
"Аталган токтомдун максаты президенттин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу болуп саналат.
Бекитилген жол картасында улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдары жасала турган иш чаралардын планы каралган", - деп айтылат маалыматта.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.