Депутат Эмил Жамгырчиев камакка алынды 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Жамгырчиев Өзбекстан менен болгон чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган. Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

Ал эми 12-январда депутаттын УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында Эмил Жамгырчиев айланасындагы жагдай боюнча айтып, кесиптештеринен соттун өкүмү чыкканча сындабай турууну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан