Октябрь окуясында Садыр Жапаровду Көлбаев колдогонбу? Президент өзү жооп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди.

Анда Жапаровго "Жакында ант берип, президенттик кызматка киришкениңизге туура үч жылдын жүзү болот. Ошол датага карата жыл сайын ошол президенттик шайлоону шарттаган окуялар тууралуу ар кандай сөздөр чыга калып жүрөт. Анын бири криминалга байланыштуу, тагыраагы, 2020-жылдагы октябрь окуясында кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаев сизге ошол күндөрдө колдоо көрсөткөнүн соцтармакта жазгандар болгон. Ошол окуяларда Көлбаев чын эле сизди колдоду беле?" деген суроо берилген.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Камчы Көлбаев аны эмес, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдогонун айтты.

"Жок. Ал мени колдогон эмес, ачык эле айтайын, Сапар Исаковду колдогон. "Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат" деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана “Азаттык” тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым", - деп жооп берди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан