Акылбек Жапаров аймактык жетекчилерге жумуш орундарын түзүүгө жоопкерчиликтүү экенин эскертти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, акимдердин, ЖОЖдордун ректорлорунун катышуусунда болуп жаткан жыйындын төртүнчү күнүнө катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда Жапаров административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшү, каржы жана социалдык тармактарда аткарыла турган иштерге токтолду. Ошондой эле аймактык жетекчилерге жергиликтүү бюджетти көтөрүү боюнча далилдүү чараларды кабыл алуу тапшырмасын койду.

"Акылбек Жапаров президенттин “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын аткарууда социалдык тармактарда аткарыла турган иштерге да токтолду. Маселен, бош турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттары билим берүү тармагына берүү жагы каралат. Саламаттык сактоо тармагында болсо, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерин санариптештирүү, электрондук каттоо жана кезекке туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Сөзүнүн аягында өкмөт башчы аймактык жетекчилерге тартипти, тазалыкты сактоого, жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

Белгилей кетсек, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 22-26-январь күндөрү аткарылган иштерин, алдыдагы пландарын талкуулап, окуу семинарларга катышууда. Алар бүгүн, эртең финансы, экономика багытындагы маалыматтарды угат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан