Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, меморандумдун негизги максаты – Суусамыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган.
Ага ылайык, Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы үч гидроэлектро станциядан турат. Жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватт бир жыл ичинде болжолду 3,3 миллиард киловат-саат өндүрүлөт.
- Каракол ГЭС – 33 мегаватт
- Көкөмерен ГЭС-1 – 360 мегаватт
- Көкөмерен ГЭС-2 – 912 мегаватт
Ал эми жалпы 600 мегаватт кубаттуулугу бар Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районуна курулат.
Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев менен CNEEC компаниясынын вице-президенти Цзин Хуей кол коюшту.
"China National Electric Engineering Co.Ltd. – компаниясы күн, шамал, гидро станцияларын куруу жаатында жетиштүү тажрыйбага ээ. Компания алгач ишмердүүлүгүн баштаганда 1000 адам эмгектенип, бүгүнкү күндө кызматкердин саны 5000ге жеткен", - деп айтылат маалыматта.