Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 25-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын февралында Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ушул жылы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан