Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Төрөкан Жунусбековдун иши туура багытта чечилишине көз салып койсоңуз деген пикирин билдирди.
"Туруктуу позициясы бар, мэриянын жетекчилик кызматында иштеген Жунусбековдун негизсиз кызматтан бошотулганын ЖМКлардан окуп калдым. Тескерисинче, мындай жаш кадрларды жумушка тартсак болмок. Алмасбек Акунжанович, ушул маселеге көңүл буруп, туура багытта чечилишине көз салып койсоңуз", - деди ал.
Буга чейин Бишкек шаардык аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөкан Жунусбеков эмгек келишиминин аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулганын мэриядан тастыкташкан.