Садыр Жапаров Кытайдын мамлекет башчысына көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

"Кытайдын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат телеграммада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан