Садыр Жапаров Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ал жакка барганында капиталдык реконструкциядан өткөн футбол-жеңил атлетика манежин көрүп чыкты.

"Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин алкагында футбол-жеңил атлетика манежинде жылытуу, желдетүү системасы жаңыртылган, жаңы терезелер жана кошумча жарыктандыруу орнотулган, ошондой эле канализациялык тармактар жаңыдан салынган. Бардык ички жайларда дубалдары жана чатыры жылууланып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Машыгуу залдарында душ кабиналары, дааратканалар курулган. Эркин күрөш залында спорттук маттар жаңыланган. Алардын аянты азыр эки эсе чоң. Стол тенниси бөлмөсү витраж терезелери менен өзүнчө залга айланган.

Реконструкция жүргүзгөндө чуркоо жолдордун жана футбол талаасынын үстүңкү бетин жабууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул максаттар үчүн манежге европалык стандарттарга жооп берген резина жабуу төшөлгөн",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров былтыр 4-майда академиянын абалы менен таанышып, футбол-жеңил атлетика манежин толук капиталдык реконструкциялоо үчүн каражат табууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан