Бүгүн, 26-январда Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 10:00 чамаларында “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма унаа жолунун 38-чакырымынан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусунун алдына чыга калып жол кырсыгына учураган.
Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тобу жана Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны такталып жатканы айтылат.