Бүгүн, 26-январда Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 10:00 чамаларында “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма жолунда Хонда Одиссей жана Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусу кагышкан.
Айланма жолдогу бул жол кырсыгы видеого түшүп калган. Анда унаалар талкаланып кеткенин көрүүгө болот.
Учурда жол кырсыгы болгон жерде кырсыктан жаракат алгандардын саны такталып жатканы айтылат.