"Дагы деле коркуп жатабыз". Кулак-мурду кесилген келиндин апасы соттун чечими боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 26-январда мурдагы жубайы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесов 20 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Чүйдүн Сокулук райондук соту чыгарды.

Ошондой эле аны мамлекетке 80 миң сом айып пул, жабырлануучуга компенсация катары 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди.

Асел Ногойбаеванын апасы Тинатин Катаганова айыпталуучунун өмүр бою эркинен ажыратылуусун каалаганын айтат.

"Мыйзам чегинде эң жогорку жаза берилди. Бирок мындай зөөкүр өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Ушу жерден мыйзамга түзөтүү киргизүү керек деп ойлойм. Эгер бул 10 жылдан кийин чыгып кетсе кызымды өлтүрүп коюшу мүмкүн. Дагы деле коркуп жатабыз", - деди ал.

Келиндин апасы буга чейин Эстебесовдун жакындары тарабынан коркутуулар болгонун, кызынын кийинки тагдыры үчүн дагы деле кооптонуп жатканын белгиледи.

"Айыпталуучунун жакындарынан мурун коркутуулар болгон. Сот болгонго чейин мага ачык эле “сени да кескилеп кетебиз” деп карындаштары жазган. Өзүбүз чара колдонуп, иштеген жериндеги жетекчиси менен сүйлөшкөнбүз. Андан кийин коркутуулар болгон жок", - дейт Тинатин Катаганова.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Асел Ногойбаеванын апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан