Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-январда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Ага ылайык, Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан