Асел Ногойбаеванын апасы: "Кызым дем ала албай калганынан жакында эле операция жасалды"

Бүгүн, 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле аны мамлекетке 80 миң сом айып пул, жабырлануучуга компенсация катары 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди.

Асел Ногойбаеванын апасы Тинатин Катаганова кызы зомбулуктан катуу жабыркап, оор операцияны башынан өткөргөнүн, бул анын психологиялык абалына да залакасын тийгизгенин айтты.

"Учурда кызымдын абалы жакшы деп айта албайм. Психикалык жактан аябай эле жабыр тартты. Ага жаш баладай эле мамиле жасап жатабыз. Ден соолугу жакшы дегенден алысмын, мурду менен кулагы толук тигилген эмес. Дем ала албай калганынан жакында эле мурдуна операция жасалды. Жыйырмадай укол сайылганы менен аны кабыл албай коюп, кызыма өтө оор болду. Операция учурунда ал барын сезип, билип турду. Алдыда бир далай оор операция жасалат. Ал үчүн бир топ каражат керек. Эгер Кыргызстандан операция жасала турган болсо, элден чогулуп жаткан каражат жетет деп ойлойбуз. Ал эми сырттан жасалса, анда жетпей калчудай. Колубузда болгон байлыгыбызды сатабыз го деп ойлоп жатабыз", - деди ал.

Тинатин Катаганова Аселдин кийинки тагдыры үчүн дагы деле кооптонуп жатканын белгилеп, айыпталуучу "өмүр бою эркинен ажыратылса болмок" дейт.

Асел Ногойбаевага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерге каражат которсо болот:

МБанк - 0707 837 443 (Тариэль Ногойбаев) Аселдин байкеси

О! Деньги - 0707 837 443 (Тариэль Ногойбаев)

Асел Ногойбаеванын апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан