Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.
Төмөнкү айыл өкмөттөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтү – 3 миллион сом,
Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү – 3 миллион сом,
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтү – 2 миллион сом,
Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтү - 2 миллион сом,
Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү – 1 миллион сом,
Лейлек районунун Сумбала айыл өкмөтү - 1 миллион сом .