Кыргызстан Кашгарда индустриалдык парк ачты

Кыргызстан “Эки өлкө - эки парк” долбоорунун алкагында Кашгарда индустриалдык парк ачты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бул инновациялык долбоор “платформа + парк”, “институт + ишкана” өнүгүү моделин камтып, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ыкчам трансчек логистикасын камсыздайт.
Долбоор ушул жылдын 24-январында старт алып, 48 сааттык жана 72 сааттык “кампадан кампага” түз ташуу кызматын камсыз кылары айтылат.
2023-жылдын декабрында кол коюлган макулдашуу жана Кытай менен кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы бизнес тармагын өнүктүрүүгө багытталганы маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан