Президенттин маалымат катчысы: "Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат"

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу маалыматты "Кабар" агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктаган.

"Ооба, президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот", - деген Алагөзов.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоого катыша турганын айткан.

Садыр Жапаров президент болуп 2021-жылдын башында шайланган. Ага шайлоого катышкандардын 79,2 пайызы добушун берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан