Жапаров: "Салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Кабарлангандай, отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөрүн билдирди.

“Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. Программалар оор күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар”, – деди Жапаров.

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн атайын каражат бөлүнөөрү айтылды. Ошондой эле, бардык базарлар жана коомдук транспорттор үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата жеткиликтүү деңгээлде санариптештирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан