Жарандарды турак жай менен камсыздоо механизмдери жакшыртылат

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

“Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда турак жай куруунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана өз алдынча турак жай шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө багытталган комплекстүү чаралар көрүлүүдө.

Турак жай курууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди пайдалануу боюнча бирдиктүү саясаттын, ошондой эле өлкөнүн чегинен тышкары эмгектик ишти жүзөгө ашырып жаткан жарандар жана Кыргызстандын башка жарандары үчүн турак жай курулушун үлүштүк каржылоонун мамлекеттик механизминин жоктугу мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүнүн учурдагы абалынын проблемалары болуп саналат.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында курулуш үчүн жер участоктору бар, алар бюджеттик каражаттардын чектелгендигине, ошондой эле турак жай курулушуна жарандардын каражаттарын тартуунун мамлекеттик механизминин жоктугуна байланыштуу курула элек.

Өлкөнүн чегинен тышкары эмгектик ишти жүзөгө ашырып жаткан жарандардын көпчүлүгү жана Кыргызстандын башка жарандары турак жай курулушуна финансылык каражат бөлүү жолу менен өз мекенинен кыймылсыз мүлк сатып алууга ниеттенүүдө. Мындай жарандарга мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана аларды пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыздоосу зарыл.

Мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу бөлүштүрүү, пайдалануу, өлкөнүн турак жай фондун көбөйтүү максатында, Конституциянын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө:

– “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна кийин өткөрүп берүү менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган жер участокторунун тизмесин аныктасын;

– “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык жер участокторун мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөттөрүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин;

– Министрлер кабинетинин

2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 “Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна турак жай программасынын алкагында турак жай курулушуна жарандардын финансылык каражаттарын тартуунун атайын шарттарын белгилөө бөлүгүндө өзгөртүү киргизсин;

– өлкөнүн чегинен тышкары эмгектик ишти жүзөгө ашырып жаткан жарандар жана Кыргызстандын башка жарандары үчүн турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизмин иштеп чыксын жана киргизсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан