"Сиз министр болгондо алма-өрүк гүлдөп кетти". Түмөнбаев Төрөбаев татыктуунун татыктуусу экенине ишенгенин айтты

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев татыктуулардын татыктуусу экенин айтты.

Жыйынында депутаттар 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угуп жаткан. Анда Бакыт Төрөбаев маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип аткан.

"Бакыт Эргешевич парламентте депутат болуп отурган жеринен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалып жатканда бир кесиптешим, "Сиз татыктуунун татыктуусусуз!" деп айтты эле. Мен ошондо ишенген эмесмин. Бирок мен бүгүн ишендим. Анткени сиз министр болуп келгенде алма-өрүк гүлдөп кетти. Мен ошондо сиздин татыктуунун татыктуусу экениңизге ишендим", - деди Түмөнбаев.

Парламенттеги "Ата Журт - Кыргызстан" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаевди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында кол койгон.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлгөн.

Жогорку Кеңеш 01.02.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан