Ошто Психиатрия жана наркология борборунда дарыгерлерди сабоого шектелген жаран кармалды

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунда дарыгерлерди сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-февралда Ош шаардык милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Б.К.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Ошто ооруканада белгисиз жаран дарыгерлерди сабаган видео тараган.

Видеону бөлүшкөндөрдүн бири дарыгерлерге кол көтөргөн жаран милиция кызматкери экенин жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына окуяга милиция кызматкерлеринин таптакыр тиешеси жок экенин билдирген.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурлан Акпышаров дарыгерлеринин сабалышы боюнча маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан