Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңеште Элдар Абакиров ант берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралда "Альянс" фракциясынан талапкер Абакировду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттаган. Ал мандатынан ажыратылган фракциялашы Эмил Жамгырчиевдин ордуна депутат болуп келди.
Жамгырчиев өзү 2-февралда БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазганы маалым болгон. Мындан улам бош калган орунду “Альянс” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер алмак. Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, үй камагына чыккан.
Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.
Былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен иш козголгон.
10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.