Депутат Талиева тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар кыздын туугандары менен жолугушту

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Медициналык борборунун стоматология бөлүмүндө операция жасалып жаткан учурда чарчап калган үч жашар кыздын туугандары менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда депутат үч жаштагы наристенин өлүмү бир үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы коомдун трагедиясы экенин белгилеп, жакындарына сабыр тиледи. Ошондой эле окуяга өтө оор кылмыш эмес деп баа берген тиешелүү мекемелердин чечимин сынга алды.

“Депутат катары мыйзамдардын так сакталышын жана окуянын акыйкат иликтенишин талап кылам. Биз мындай окуяларга адилет баа бербесек, кайрадан кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ишине шалаакы мамиле кылган адистер жазасыз калбашы керек”, – деди Талиева.

Өз кезегинде маркумдун чоң энеси Исакова Айгүл окуяга тиешелүү адамдар жазасыз калып жатканын айтты.

“Неберемдин өлүмүнөн кийин келиним да психологиялык жактан жабыркап, саламаттыгы начарлап кетти. Андыктан, сизден жагдайды акыйкат иликтөөгө көмөктөшүүңүздү өтүнөм”, – деди ал.

Жолугушуунун алкагында депутат Камила Талиева аталган маселени парламенттин жыйынында да байма-бай көтөрөрүн жана тиешелүү мекемелерге кат жөнөтөрүн кошумчалады.

Эске салсак, былтыр 21-декабрда Бишкек шаарындагы стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калганы маалым болгон.

Маалыматка караганда, каза болгон наристенин атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барган. Алар наристеге "Севарон" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкен. Бирок ага ийне сайышкан, наристе ошол бойдон ойгонбой калган. Тишти тазалоодо бардык процедуранын баасы 106 миң сомду түзгөн.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

Буга байланыштуу кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбаганга шектелип 31 жаштагы тиш дарыгери кармалган. Кийинчерээк дарыгер үй камагына чыккан.

Экспертизанын жыйынтыгында "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан