Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекетке жүктөлөт. Мыйзам биринчи окуудан өттү

Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынында мамлекеттик бала бакчаларда ысык тамакты кайра өкмөттүн эсебинен берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Аны Элвира Сурабалдиева, Мирлан Самыйкожо баштаган бир нече депутат иштеп чыккан.
Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде балдардын тамак-ашын ата-энелерге жүктөп коюуга болбой турганын айтты.
"Былтыр парламентке эки мыйзам долбоору келген. Бири өкмөттүн сунуштаган мыйзамы, анда тамак-аштын акчасы ата-энелердин моюнуна толугу менен жүктөлүп калган. Ушул мыйзам депутаттар сунуштаган башка мыйзамга экинчи окууда бириктирилип, добуш берилип өтүп кеткен. Бул парламенттин чоң кемчилиги болгонун моюнга алышыбыз керек. Бирок буга коомчулук катуу каршы турду, аны баарыңыздар көрдүңүздөр. Биз ошол мыйзамды кайрадан өзгөртүп, сунуштадык", - деди Сурабалдиева.
Эске салсак, былтыр 1-ноябрда Финансы министрлиги өлкөдө бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Министрлик 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат” деп жазылганын белгилеген.

Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Эртеси, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын айткан. Эл өкүлү “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизилип, балдардын тамагына ата-энелерден акча алуу нормасы жокко чыгарыларын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан