Жолдошум абьюзер, эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши 

"Баарына сен күнөөлүүсүң", "Мени сүй, мени кара", "Ким менен жүрөсүң?" сыяктуу сөздөр менен сиздин ар бир баскан кадамыңызды көзөмөлдөп баштаса, анда өнөктөшүңүз "абьюзер" деп түшүнүңүз. Мындай пикирин психолог Ызаткан Жусупова SUPER.KG порталына маек берип жатып билдирди.

Адис зомбулуктун кеңири жайылган түрү - абьюз темасына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Абьюзер деген ким?

- Абьюзер - өнөктөшүнүн ар бир кадамын көзөмөлдөп, аны сөзү менен эле талкалап, жок кылып коё турган адам.

Абьюзивдүү мамиленин алгачкы белгилери

- Абьюзерлер энергияны түрдүү жолдор менен алат. Мисалы таарынат, талап кылат, күнөөлөйт. Ким менен, каякта жүрөсүң деп сурап баштайт. Ар бир баскан кадамыңды көзөмөлдөйт. Сенин каалоолоруңду, кызыкчылыктарыңды чектейт, пикириң менен такыр эсептешпейт. Өзүнүкүн гана туура деген адамдар. "Сен акча бербейсиң, мындай кылбайсың" деп өнөктөшүн күнөөлөйт. Өз алдынча чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк бербей өзүнө көз каранды кылгысы келет.

Ажырашууга алып келет

- Биз көп учурда үй-бүлөдө ордубузду алмаштырып алабыз. Эркектер кээде аялын апа кылып алса, аялдар күйөөсүн ата кылып алат. Ушундай учурда абьюзивдүү мамиле пайда болот. Алгач сөзү менен эле жанындагы адамды чектеп отуруп, кийин бул физикалык зордук-зомбулукка, ажырашууга алып келет. Мындай мамиле эмоционалдык жана психологиялык жаракат да алып келиши мүмкүн.

Бала менен ата-эненин ортосундагы абьюз

- Бала абьюзивдүү болсо, демек балага эненин же атасынын сүйүүсүнүн жетишпегендиги десек болот. Бул учурда бала ата-энесинин сүйүүсүн алганга аракет кылат. Эгер эне баласына абьюзивдүү боло турган болсо ал ата-энесинин мээрими жок өскөн деп түшүнсөк болот. Мындайда ал мээрим, сүйүү, энергияны таарынып, баласынын жеке чегин бузуп, күнөөлөп андан алат. Андыктан бала тарбиялоодо да абьюзивдүү мамиленин алдын алуу керек. Мисалы менин бир балам ооруп кала турган болсо, мен ага эле көңүл буруп, башка балдарымды карабай койсом бул да кийин анын абьюзер болуусуна алып келет. Анткени ал энеден албай калган мээримди кийин башкалардан талап кылып баштайт. Балдарды кичинекей кезинен тарта мээрим менен чоңойтуу керек.

Абьюзивдүү мамиледен кантип арылам?

- Көп адамдар өзүнүн абьюзер экенин билсе деле андан кантип арылууну биле беришпейт. Жогорудагы белгилер байкалган кезде психологиялык сабактарды алуу керек. Мындан сырткары бала чагында кимге таарынса ошо адам менен иштешүү керек. Мисалы мен жолдошум менен 14 жылдан бери чогуу жашайм. Турмуш кургандан кийин бири-бирибизге болгон абьюзивдүү мамиле пайда болгон. Мен ага таарынып, аны күнөөлөчүмүн. Көрсө биз ата-энебизден албай калган сүйүү, мээримди бири-бирибизден талап кылчу экенбиз. Ал дагы чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон. Бири-бирибиздин энергиябызды соруп, абьюзер болуп жашап жүрө бериптирбиз. Качан гана ата-энебиз менен мамилени оңдогондо биздин да жубай катары мамилебиз өзгөрдү. Ал эми таарынычыбызды ыйлап, ага түшүндүрүп, эмоция аркылуу чыгара алабыз. Эгерде ичибиздеги таарынычты ачык айтпасак тамагыбыз ооруп, астма сыяктуу ооруларга алып келет. Биз, адамдар бергенди эмес көбүнчө алганды жакшы көрөбүз. Башкадан талап кылуудан мурун "ага да ушу нерсени бере аламбы, ал күткөн мамиледе боло аламбы" деп өзүңө суроо салганың оң болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан